Датасы: 11.09.2021
Формат: mp3

Көп кабаттуу көп үйлөрдүн артында
Сен да мендей, мен тарапты караарсың.
Түнкү шамдар шуулдаган теректер
Кыйма-чийме жолдорго көз салаарсың
Кыйма-чийме жолдорго көз салаарсың.

Сен да мендей, жумуп аста көзүңдү
Элесимди көз алдыңан өткөрүп.
Көңүлүңдү санаа басып тургандыр
Сагынычтан көкүрөгүң өрттөнүп.
Сагынычтан көкүрөгүң өрттөнүп.

Кусалыктар бүтпөчүдөй сезилип
Жолугушчу күндөрүбүз кечигип.
Жаныбызда жүргөн менен канчалар
Жан чыдагыс жалгыздыкты кечирип.
Жан чадагыс жалгыздыкты кечирип.

Жакын элең, жашап атып бир шаарда
Бирибизди көрүүгө зар бирибиз.
Бирок, биздин бир-бирине агылып
Жолугушуп, жуурулушат дилибиз
Жолугушуп, жуурулушат дилибиз.
Жуурулушат дилибиз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *