Кечээ армияда жүргөндө,
Ала барган комузум.
Асмандан мина келатса,
Жата калган комузум.
Амал калып окопко

Өзүм менен Фронтко,
Кошо барган комузум.
Ажыдаардай фашисттин
Алдынан
Тосо барган комузум.

Эй, далай майор, капитан:
А ну давай пасмотрим,
Что такой инструмент,- деп
Кармалаган комузум.

Мен жарадар болгондо,
Ыйлап турган комузум.
Калганымды артымдан
Жыйнап турган комузум
Байкуш бала кантет деп
Сыйлап турган комузум.

Согушту көздөй бет алса
Өлсө эми мейли деп
Чуркап чыгат чалкалап.
Штыковой бой болсо
Ийрендеген фашистти
Кырып салат талкалап.

Батышты көздөй бет алсам,
Көчүп калды комузум.
Баштагыдан күч алып,
Өөрчүп калды комузум.
Берлинден кармап Гитлердин
Сыртынан жарып боорунан
Өтүн алды комузум.

Сак-саламат сапардан
Аман кайтты комузум.
Эл-Журтуна жылмайып,
Аман-эсен жеңиштүү
Салам айтты комузум.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *