Датасы: 16.05.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Асель Кадырбекова

Түшүнсөң сени сүйүп жакшы көрө албаймын
Түшүнчү мени кечир көңүл бөлө албаймын
Азгырбагын азгырылбайм
Мени сүйдүрбөгүң сүйө албаймын
Айланбачы ак көпөлөк, айланбачы ак көпөлөк

Кайырма
Айланба ак көпөлөк, ак көпөлөк
Акмалап ак көпөлөк, ак көпөлөк
Сүйүүм бар менин бөлөк, күткөнүм менин бөлөк
Сүйгөнүм менин бөлөк

Байланбайм мага арнаган сүйүүңдүн желесине
Бара албайм сен чакырган сезимдин сересине
Күлүп турдуң күлө албадым
Мени сүйүп турдуң сүйө албадым
Болду эми ак көпөлөк, болду эми ак көпөлөк

Кайырма
Айланба ак көпөлөк, ак көпөлөк
Акмалап ак көпөлөк, ак көпөлөк
Сүйүүм бар менин бөлөк, күткөнүм менин бөлөк
Сүйгөнүм менин бөлөк

Айланба ак көпөлөк, ак көпөлөк
Акмалап ак көпөлөк, ак көпөлөк
Сүйүүм бар менин бөлөк, күткөнүм менин бөлөк
Сүйгөнүм менин бөлөк

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *