Датасы: 04.02.2022
Формат: mp3

Бүгүн бойдок кыз бала
Эртең эле эрчитээр
Эне болор балага
Карылыкка баш ийген
Кошуларсың дайрага
Карындашым бүгүн той
Кел бийлеп кой садага

Жаштар бийлеп жатса гүлдөп
Карындаш ай суранамын
Бийле жүр деп
Жаш кезинде ойноп күл деп

Күлкү ыр менен таң аткан
Шаттык жандап бараткан
Кел курдаштар достор ай
Жаштык өтөт турбайбы
Карыбаска жок арга
Кайгырганда не пайда
Кел бийлейли ырдайлы
Кел бийлейли жыргайлы

Эмгек менен таң аткан
Эл суктантып караткан
Кайран өмүр жашчылык
Өтүп барат шаштырып
Урунарга жол таппас
Аттиң жаштык масчылык
Бүгүн тойду шат кылып
Биз ырдайлы каткырып


Один комментарий к “Кубаныч Сатаев — Той ыры тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *