Тоонун кыя жолунда бир кечил келатыптыр. Тоо бийик, кыя жол тик жана чукул бурулуштуу, кечил болсо семиз экен. Кыйналган кечил бир кезде Кудайдан ырайым күтүп суранып тургандагысы:

– Оо кудурет, мен сага көп жылдардан бери кызмат кылып келем. Сен дагы мага кызмат кылып: кандайдыр бир унаа жиберип, ушул бийик тоодон мени алып өтчү.

Ушинтип сыйынган кечил жол боюндагы ташка отуруп Кудайдын жардамын күтө баштайт. Ушул учурда жаңы тууган бээсин жетелеп, кулунун колуна көтөргөн малчы төмөн жактан көрүнүп, бат эле кечилдин жанына келет.

Муну көргөндө кечил: “Оо Кудурет, менин суранычымды орундатканың үчүн сага чексиз ыраазычылык”,- деп ичинен Кудайга жалынып, ордунан тура калып малчыга кайрылды:

– Ак пейил пендем, бээге мингенге мага жардамдашып кой. Бул каргыш алган тоодон ашып өтүш үчүн Кудайым жиберген аны жанатан бери күтүп отурам.

Муну укканда малчынын абдан ачуусу келип, кечилге кыйкырды:

– Эмнэ-э? Мобул бекерпоз эмне дейт? Мен өзүм жаңы тууган бээмди аяп минбей, кулунун көтөрүп келатсам, мунун айтып турганын карачы! Мен сага азыр көргөзөм!- деген ал колундагы кулунду кечилге кармата салып, мурдагыдан да ызырына кыйкырды: – Көтөрүп бас! Эгер кулунду колуңдан түшүрсөң менден жакшылык күтпө! Жөн эле тоодон ылдый тоголотуп жиберем. Бол, тез бас!

Ошентип малчы камчысы менен чапкылап, кечилди тоо жолу менен малча айдап жөнөдү. Кечилдин ыза болгонун таңгалганы басып, бир дагы сөз каяша айта албай, кулунду бооруна бекем кысып, тил алчаактык менен өйдөлүш жолдо өрмөлөй басып Кудай менен күңкүлдөй сүйлөшүп баратты:

– Оо Кудурет! Сен мени такыр эле түшүнбөй калдың. Мен сенден мингенге ат сурасам, мага өзүмдү мине турган ат жибердиң. Өзүң баардыгын көрүп турган Кудай болуп туруп ушундай түшүнүксүз болсоң, мобундай камчы үйрүгөн карабашыл пенделериңе таарынбай, актыкты талап кылбай деле коюшубуз керек турбайбы, — деген экен…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы61
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар16
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *