Силер бар ар бир үйдө майрам бар
Күн болуп күлүп жангандар
Кучагын мээрим толо жайгандар
Ал эне билсең ал аял
Аялзат арабызда кыйналган
Сыйдан да калат кур калган
Ал күчүн чыгарса да ыйлардан
Кыйноого салба бул жалган
Кайырма:
Азапты тарткан неге аял
Ал жанды барбы жан аяр
Жаштыгын бүтүн берсе дагы
Балдары кайда таянаар
Мамиле кылсаң ага аяр
Гүл болуп ачылат аял
Баарына болгон дайым даяр
Бактылуу болсун аялдар
Турмуш деп жүрөт аял жарышта
Мекенден көбү алыста
Кор кылбай асыл эне кыздарды
Жигиттер келчи намыска
Түйшүктүн сүйрөп ал кемесин
Тагдырдын көргөн ал жемесин
Бүтпөгөн сыноолорго жеңилбей
Ичиңен курчуп келесиң
Айжамал Кабылова — Ал-Аял тексти
Датасы: 15.03.2022 Көрүүлөр: 24353
Соонун ыр маанилуу ыр журогундун тубуно жетет,уккулуктуу,Айжамал эже дагы ырды жеткире ырдаган азамат эже алга,онору оркундой берсин
Эн сонун.Алга Айжамал эже.Аялдык бакыт каалайм.
Мана аябай жакты эн соонун ыр экен
Азаматсын Айжамал!!!