Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайдым барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Колдоруңдан алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүң угуу майрамдардын майрамы,
Жаны бирге жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Келечекте эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.

Сагыныч — Кетпейм сага жолукмайынча тексти: 5 комментарий

  1. Чыгарманын авторун, обонун ким жазган фамилияларын толук жазгылачы сураныч. Копчулук учурда аткаруучунун фамилиясы, аты жазылып журот. Ырды ошол адам чыгаргандай ой жаралат билбегендерге.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *