Датасы: 16.03.2022
Формат: mp3

Бир көрүп жүрөгүмдү ээлеп алган
Жарашып жамалыңа жылдыз жанган
Жан эркем жүрөгүмдөн сезип калдым
Мен күткөн ак сүйүү деп сени жазам

Жараткан жол көрсөтүп сени сүйдүм
Алоолонуп кызганычтан оттой күйдүм
Кайталап сезимимди айта бердим
Жалгыз өзүң канча убакыт сезбей жүрдүң

Кайырма:

Эзилген жүрөгүмдүн ээси сенсиң
Ансайын эркелейсиң келчи дейсиң
Ак сүйүү жолундагы эгиздейин мени
Эзилген жүрөгүмдүн ээси менмин
Ансайын кучагыма келчи деймин
Махабаттын жолундагы эгиздейин мени

Бир кезде ойго албай жараладың
Деңиздей махабатты сезбей жаттың
А бирок канча кыйын болсо дагы
Ачкычын жүрөгүңдөн издеп таптым
Биз эми бирге шамдай жана алабыз
Жашоонун көп сырларын ача алабыз
Жалгызым эки дүйнө бирге болуп
Экөөбүз бир бүтүнгө айланабыз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *