Ач карышкыр тамак издеп, кайсалаңдап келе жатса, алдынан түлкү жолугат.
-Жол болсун, Каке! Каякка жортуп жөнөдүңүз? – деп сурайт түлкү жылмаңдап.

-Кардым ачты, Түкө. Тамак издеп чыктым.

-Какебай, мен да ачка болуп, тамак издеп чыккам, жолугуп калдың, буюрса, жолум болот экен. Кел, чогуу издейли.

– Мейли, баштайлы анда,– деди карышкыр.

Карышкыр менен түлкү жорто жөнөштү.
Бир маалда талаада жаткан койдун казандай куйругун таап алышат. Кубанган карышкырдын көздөрү чоктой жайнап кетет. Оңой табылган тамакка таңыркап, түлкүдөн сурайт:

-Түкө, түкө, ай-талаада бекер жаткан бу кандай казан куйрук?!

Түлкү ойлонумуш болуп, шыйпаңдай сылык жооп берди:
-Капырай, Какенбай, бир жүүнү бош неме базарга барган чыгаар. Арзан баада сатып алса керек. Канжыгасына бош байлап, анан анысы түшүп калган чыгаар.

-Ой, Түкө, мен ушунуңан кооптонуп турам,- дейт карышкыр.
– Каке, сен кооптонуп коркуп турсаң, анда мен жей салайын, – деп түлкү куйругун шыйпаңдатып куйрукка умтула бергенде:

-Токто, токто! – деп карышкыр тап берип, тулкүнү качыра салды. Түлкү жалт берип, куйругун булаңдатып, шоңшоюп отура калды.
Ач карышкыр былкылдаган куйрукка арсайган тишин матырып, жеп кирди.

-Баса, Каке, мени да ойло! Олжону мени менен да бөлүшпөйсүңбү? – деди түлкү калп эле байкуш болуп.
Карышкыр аны жалт карап, тишин кычыратты.
-Был-жыр-рра-ба…,- деди да, койдун куйругун ач көздүк менен сугуна баштады. Куйрукка тойгон карышкыр оозун ачып, керилип алды да, ыңгырана жорто жөнөдү.
Ою ишке ашып, мыйыгынан күлүп, карышкырдын артынан ээрчиген түлкү:

-Капырай, Каке, тиги семиз куйруктан бир аз да болсо, даам таттырбадың го?! – деп даттанды.

-Түкө, мурдуңа майдын жыты барганы эле жетпейби сага! – деп корс-корс күлөт көк жал.
Бир аздан кийин карышкырдын көзү алаңдап, тили салаңдап, өзүн коерго жер таппай, ичи көөп кетти.

-Ээ.. куйрук жеген баатырым, өлүп бара жатасыңбы?! — куу түлкү кыт-кыт күлүп калат.
– Дарың барбы, түлкү-жаа-ан… Түкөшүүм…Аясаңчы агаңды.., – дегенге араң жарады карышкыр .
Түлкү суу ичке кирсе, ууланган немени бат өлтүрөөрүн билип:

-Уунун дабасы суу экен, аттиң. Суу ичсең жашайсың, бактың болсо, – деди.

Карышкыр болгон күчүн жыйнап, тили менен сууну жалап-жалап алат да, калпактай учуп кетти.

-Мына сага казан куйрук, чөлдө бекер жаткан май куйрук! – деди да, түлкү өз жолуна түштү.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы60
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи23
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар16
Акылдуу кыз14

Один комментарий к “Казан куйрук (казак эл жомогу)”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *