Карышкыр ачка болучу. Кулун ээрчитип оттоп жүргөн бээнин жанына келип, шилекейин чубуртту:

“Кулундун эти кандай гана таттуу! Мага мунуңду сатпайсыңбы?» — деп кайрылды бээге.
Албетте, — деди бээ. Сатпагандачы, сатам.

Канчага сатаар элең?

Канчагабы? Эсимден чыгып турганын карабайсыңбы. Анын наркы менин темир такамда жазылуу эле. Сен сабаттуу жансың го, өзүң окуп алчы, деп арткы бутун көтөрдү бээ. Карышкыр айланып барып, такадагыны окумакчы болду.

Ошол замат бээ аны карылуу буту менен тумшук талаштыра тээп калды. Карышкыр оңко-чоңко атып барып, кулады. Мына сага кулундун ширин эти!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы88
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)75
Кыска жана күлкүлүү жомоктор59
Акылдуу балдар37
Акылдуу кыз жомок29
Каниет кылуу - Илегилек25
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз23
Акылдуу кыз17
Бир туугандар - Карагат тексти17
Акыл карачач15

Карышкыр менен бээ: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *