Датасы: 05.10.2024
Формат: mp3

Тазасы, тунугу сен сезимдин

Жагымдуу жарыгы сен кечимдин

Сүйдүргөн сүйкүм, күлкүң ардагым

Көзүмдүн карегисиң нурданган

Өзүңсүз кызыгы жок бул жалган

Жанымды жипсиз кантип байладың

Кайырма:

Жанашып бирге бассак жанаша

Жарашып калыптыр деп карашса

Кандай сонун жаным

Ошол күн бакыт го

Жашоомдо жаңы аткан таңым сен

Тагдырдан энчиленген багым сен

Бир болуп сүйүү шаарын куралы

Эч кимге алмаштыргыс сүйүүм сен

Эч жерге таштабаган гүлүм сен

Соолубас махабаттын булагы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *