Датасы: 09.05.2022
Формат: mp3

Келин алдык сүйүнчү бизде жанылык
Шаңдуу күлкү коштосун ырлар жаңырып
Кудай кошкон кудалар төргө өткүлө
Жакшы күндөр көп болсун суудай агылып

Кайырма:

Алысты жакын кылган кыздар экен
Зоолорду сулуу кылган куштар экен
Босого аттап мына куда болдук
Бизде бала силерде кыз бар экен

Чын жүрөктөн күткөнбүз кана келгиле
Болсун дедик бул тойго бүгүн эл күбө
Биз силерди коргөндө абдан сүйүндүк
Бешик тойдо чогулсак дейли эмкиде

Куда болдук силердей асыл жандарга
Ыйман берсин үйлөнгөн биздин балдарга
Өмүр өтүп кеткиче сыйда жүрөлү
Биз кубанып турабыз келин алганга
Бактылуу болгула талаайлуу болгула


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *