Датасы: 01.11.2022
Формат: mp3

Ажарың таңып айдын элесин
Кирпигиңе байлап күндүн желесин
Мойнуңда шуру жылдыздан
Көрүшкөн көңүл жылыткан
Сезимдерди селки качан сезесиң

Кайырма:

Ай чырай кара көз
Айталбайм сага сөз
Ашыктык азабына салып келесиң
Чырай кумар көз
Табалбайм айтар сөз
Кыялда өзүң менен дүйнө кеземин

Жүрөгүмө салып оттой жалынды
Кыйнабачы селки менин жанымды
Бир өзүңө көңүл байланган
Ханзадам сенден айлансам
Сени менен байласам дейм бактымды

Клип — Кара көз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *