Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Атыңдан кагылайын, алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Жүргөндүрсүң келсечи деп күндү санап.
Максатым — адам болуу дал өзүңдөй,
Элиңдин керегине турган жарап.
Кайырма:
Эстеймин сенин жумшак колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдорумду.
Оболоп жылдыз болуу — улуу максат,
Жетелеп ээликтирет ойлорумду.

Один комментарий к “Кутман Жолдошев — Алтын апа тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *