Датасы: 23.05.2022
Формат: mp3

Биз досбуз достукту ардактаган
Байлыкка бийликке алмашпаган
Ишенич жылуу сөз так мамиле
Ошондон башталган алгачкы кадам

Кайырма:

Жарашып жүрөбүз жаркылдап күлөбуз эй достор
Жакшы өмүр сүрөбүз ишке ашсын мүдөбүз эй достор
Өксүбөй өтөлү өмүрдө түз жашап
Алдыда эчен жол ар дайым эсен бол эй достор

Айттырбай оюңду билип турган
Акыйкат достордо бийик турган
Кээде түгөнүп түтөгөндө
Жалындап жаныңда күйүп турган

Жол тапкан дайыма кысталыштан
Кыйындык күндөрдө куткарышкан
Күнү — түн турабыз сыноолорго
Мейличи ай мейли кыш ызгар учкан

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *