Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Досум мага таарынды,
Канатымды кайрыды.
Эт жүрөгүм эзгилеп, ай,
Неге мынча сагынтты?
Жандаш жүргөн дос элек,
Жарты нанды бөлчү элек.
Экөөбүзгө эмне болду?
Бир болобуз дечү элек.
Кан досуңа таарынба,
Жаңы доско жагынба.
Кандаш досуң күйүп-жанат,
Барыңда да, жогуңда.
Түн болбосо ай болбойт,
Суу болбосо көл болбойт.
Адамзаты ушундай да,
Дос болбосо эл болбойт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *