Тоосу бийик суусу таза
Эч өзгөрбөйт ушу гана
Мекеним Кыргызстаным
Келсек дайым тосуп алат
Көркөмүнө моокум канат
Мекеним Кыргызстаным
Сенден гана кубат алам
Сен бар үчүн жокко санаам
Кагылайын Кыргызстаным
Кубансак да кайгырсак да
Кайрылбасак кайрылсак да
Бизди күтөт Кыргызстаным
Мекеним мекеним Кыргызстан
Көз артып бүт дүйнө кызыгышкан
Сактасын жараткан элибизди
Мекеним мекеним Кыргызстан
Бир аз кетсем сенден узап
Көргүм келип көздөн учат
Карааныңдан Кыргызстаным
Карегимдей ыйыгымсың
Калкаланган уюгумсуң
Кагылайын Кыргызстаным
Биз өзгөрсөк өзгөрбөгөн
Пейилинен бөксөрбөгөң
Кенен жерим Кыргызстаным
Такыр канбайт сагынычым
Кусалансам дарым ушул
Дабаам сенсиң Кыргызстаным
Майрамбек Осмонов — Мекеним Кыргызстан тексти
Датасы: 02.06.2022 Көрүүлөр: 2502