Датасы: 02.06.2022
Формат: mp3

Тоосу бийик суусу таза
Эч өзгөрбөйт ушу гана
Мекеним Кыргызстаным
Келсек дайым тосуп алат
Көркөмүнө моокум канат
Мекеним Кыргызстаным
Сенден гана кубат алам
Сен бар үчүн жокко санаам
Кагылайын Кыргызстаным
Кубансак да кайгырсак да
Кайрылбасак кайрылсак да
Бизди күтөт Кыргызстаным

Мекеним мекеним Кыргызстан
Көз артып бүт дүйнө кызыгышкан
Сактасын жараткан элибизди
Мекеним мекеним Кыргызстан

Бир аз кетсем сенден узап
Көргүм келип көздөн учат
Карааныңдан Кыргызстаным
Карегимдей ыйыгымсың
Калкаланган уюгумсуң
Кагылайын Кыргызстаным
Биз өзгөрсөк өзгөрбөгөн
Пейилинен бөксөрбөгөң
Кенен жерим Кыргызстаным
Такыр канбайт сагынычым
Кусалансам дарым ушул
Дабаам сенсиң Кыргызстаным

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *