Датасы: 05.06.2022
Формат: mp3

Жашыган арманымды
Жамгырдай төккүм келет
Алтыным кечирип кой
Ага да бар себеп
Жылмайган көздөрүңдөн
Жылуулук тапкым келет
Жаңышпас болсок эгер
Жолуктук эмне себеп

Кайырма:

Кусалуу жүрөктөн
Сырымды катсам дагы
Көздөгү кайгы мууңду
Жашырып жатсам дагы
Караңгы түн жамынып
Кайгыга батам жаным
Канчалык кыйналсам да
Сен аны байкабадың
Жүрөктү мууңга салып
Кеттиңби таштап баарын
Жүзүңдү көргүм келди
Жүдөтүп кыйнабагын
Тагдырга шылтоо кылып
Арманга салба жаным

Кайрыктар жүрөктөгү
Кайгыны жазат белең
Кездешпей жолдорубуз
Көрүшпөс болдук неге
Жүрөгүм соккон менен
Жүрөгүбүз эки бөлөк
Жактырган кош жүрөктөр
Жанашпайт эмне себеп

Кусалуу жүрөктөн
Сырымды катсам дагы
Көздөгү кайгы мууңду
Жашырып жатсам дагы
Караңгы түн жамынып
Кайгыга батам жаным
Канчалык кыйналсам да
Сен аны байкабадың

Ашыктар жылдап сүйсө
Эмнеге жетпей келет
Аккуудай бир жанашып
Арзышып өтпөйт неге
Айыбыз арманы жок
Сүйөөлөр болсо бизде
Анда биз махабаттын
Таттуусун сезбейт элек

Канчалык кыйналсам да
Сен аны байкабадың
Жүрөктү мууңга салып
Кеттиңби таштап баарын
Жүзүңдү көргүм келди
Жүдөтүп кыйнабагын
Тагдырга шылтоо кылып
Арманга салба жаным


Кеңеш тобу — Эмне себеп тексти: 7 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *