Ак эмгек – бар байлыктын башаты

Илгерки өткөн заманда абдан эмгекчил темир уста жашаптыр. Анын узун бойлуу, келбеттүү, тамакка табити жакшы болгону менен жумуш иштегенге таптакыр көңүлү жок жалкоо уулу бар экен. Бир күнү уста уулуна мындай дейт:

— Бүт өмүрүмдү иш менен өткөрдүм, уулум, колубузда эмне болсо ошонун баары ак эмгек менен келген же өз колумдан жаралган. Сенин болсо иштегиң келбейт, ичип-жегенди эле билесиң, ушул жашка келгиче бир юань да тапкан жоксуң. Мындан аркысы эмне болот?

Уулу атасынын сөзүнө көп маани  бербестен кол шилтеп:

— Юань иштеп табуу ушунчалык маанилүү болсо, буга өзгөчө өнөрдүн деле кереги жок, — деди.

— Андай болсо ак эмгегиң менен бир эле юань иштеп тапсаң, мен сага бир сандык баалуу мүлк берем, — деди атасы.

Жигиттин бир сандык мүлккө кызыгуусу артып, аны алууну абдан каалады, бирок иштеп юань тапкысы келбеди. Жумуш издеп дарбазадан чыкканы менен сыртта нары-бери басып жүрө берди.

Уулунун айласыз абалын көргөн апасынын боору ооруп, ага бир юань берип мындай деди:

— Бул бир юанды атаңа берип алчуңду ала гой.

Тиги жалкоо апасы берген юанды алды да, бак түбүндөгү көлөкөдө кечке чейин уктап жатып, караңгы киргенде үйүнө эч нерсе болбогондой кирип, атасына  юанды сунуп:

— Мына сиз айткан юань, эми баалуу мүлк толо сандыкты бере берсеңиз болот, — деди.

Атасы тыйынды алып жатып уулунун колун айланта карап, юанды очокту көздөй ыргытып жиберип:

— Сен муну ак эмгегиң менен иштеп таппаптырсың, — деп басып кетти.

Атасы калпын кантип кармап алганын түшүнбөгөн бала эртеси да кечээкидей эшик алдында эмне кыларын билбей, жумуш иштеп акча табууга мойну жар бербей, бирок атасы айткан мүлктү алууну абдан каалап ары-бери басып жүргөндө кечээгидей эле ага апасынын боору ооруп бир юань берди. Жигит мурунку күнкүдөй эле бак түбүндөгү көк шиберде кечке уктап жатып, түн киргенде үйгө кирип юанды атасына берди эле, ал уулунун колун дагы айланта карап, акчаны очокту карай ыргытып жиберди:

— Сен мени алдайм болбо, ак эмгектен тапкан тыйыныңды алып келбесең мүлккө ээ боло албайсың! – деп катуу айтты.

Эртеси жигит мурунку күндөрдөгүдөй эле сыртка иш издемиш этип чыкканы менен дагы деле эмгектенгиси келбей ары-бери басып жүргөндө апасы артынан келди, бирок ал бул жолу акча бербестен мындай деди:

— Экөөбүз атаңды минтип алдай албайбыз, ал сенин колуңду карап эле эч нерсе кылбаганыңды билип коюп жатат, ошон үчүн жумуш иштеп баалуу мүлктү ак эмгегиң менен алгыдай бол.

Атасынын жумуш жасаган кол менен иш кылбаган колдун айырмасын жакшы билгендигинен улам эки күндөн берки алдамчылыгын оңой эле билип койгонун эми араң түшүнгөн жигит чындап эле жумуш издеп жөнөп, биринчи эле жолуккан устун жүктөөчүлөргө бир юанга жалданып кечке иштеп, үйүнө бутун араң шилтегидей чарчап келип, бир юанын атасына берди. Ал адатынча баланын колун айланта карап чыгып, баягыдай эле юанды очокту карай ыргытканда, бала анын артынан секирип акчаны күйгүзбөй оттон сактап калды:

— Мен бул бир юанды табуу үчүн күн бою тынбай иштедим!

Баласынын ак эмгек менен тапкан акчасына кубанган атасы, мындай деп жооп берди:

— Аны колдоруңдун кабарып чыкканынан эле билдим, балам! Бирок дагы деле ишене бербей акчаңды отко ыргытканымда анын артынан умтулуп, бул тыйынды кыйынчылык менен тапканыңды экинчи ирет далилдедиң. Ошондуктан аны ак эмгегиң менен иштеп тапканыңа ишенип турам! Анткени, бирөө берген акчаны отко ыргытканымда, ал сага мынчалык аянычтуу болгон эмес эле!

Бир аздан кийин уста баалуу мүлк бар деген сандыгын алып келип мындай деди:

— Мында алтын да, күмүш да жок, бирок аларды иштеп таба турган эмгек куралдары бар. Алгын да аздектеп урун, алар баардык байлыктардан кымбат экенин унутпа! Адам ак эмгектен гана баар табат! Ал эми бекер келген мүлк эч качан буюрбайт, адам андай арам оокаттарды эч качан аш кыла албайт, — деди.

Жигит жалкоо кезиндеги түшүнүгү менен болсо кабак чытымак, азыр атасынын бул айткандарын күлүмсүрөй кабыл алды.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.