“Асылзат”
Сөзү: Урмат Усенов
Обону: Ильяз Абдразаков
Неля:
Жарк дей түшсө бул аалам…
Демек, аял жылмайды
Жазылып бүт жүрөктөгү муң кайгы…
Асель:
Аял-дүйнө тиреги…
Асыл назик жүрөгү
Махабаттын түгөнбөгөн мүрөгү…
Кайырма:
Жашоо-турмуш кайыгы
Сызып баратты
Дайым өбөк болсун деп,
Бизди жаратты
Мырза тагдыр калеми
Аял-барагы
Алар алгыр куш болсо,
Аял-канаты
Асель:
Сыйкыры бар илеби
Сылап койсо гүл чыгар
Жылуулугу асмандагы күн сымал…
Неля:
Кереметин ашырган
Кең дүйнөнү батырган
Сулуулугун жүрөгүнө жашырган…
Асель Кадырбекова — АСЫЛЗАТ тексти
Датасы: 12.08.2022 Көрүүлөр: 1644