Ала — Тоо кыргыз жерим
Ак калпак кыргыз элим
Акылман муун урпагы
Асабаң бийик сенин
Баатырлар чыккан жерим
Бабабыз Манас урпагы
Акынга толгон элим
Ата-Журт ата тегим
Комуздун толгоп кылдарын
Асманың ачык сенин
Мекеним кыргыз жерим
Айланып алгыр куштары
Кайырма:
Көктө жанган чолпон жылдыздай
Залкар уулуң чыккан Чыңгыздай
Айтып бүткүс жерим мекеним
Ата- Журтум кымбат алтындай
Айымдардан чыккан баатырлар
Мекенимде канча асыл бар
Курман кылган улуу үчүн
Курманжандай чыккан баатырлар
Кыргызстан менин мекеним
Кыргызстан
Аскасы көк тиреген
Көлү бар мелтиреген
Сөз жетпейт кооздоп айтууга
Тарыхын өчүрбөстөн
Манасын улап келген
Саякбай чыккан калкымда
Кылымдар өтсө дагы
Кыргыздын атын улук
Көк жалдар чыккан калкымдан
Улантып урпактарга
Улуулар насаат берген
Айланам сенин салтыңа
Саламатсызбы мага бул ыр абдан жакты!
Бирок ушул жерде «Курман кылганулуу учун» деп койуптурсуздар
«Курман калган улуу жер учун» экен
Туура эле жазылган. Кыргыз жери Улуу жер. Ата — тек арбайлар байырлаган энергия, нур, касиет тушкон жер.