Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Кымбатым өскөн жер мекеним,
Сен десем толгонуп кетемин.
Энемдей асырап чоңойттуң,
Сүтүңдү мен актаар бекенмин.
Тоолоруң, түздөрүң белесиң,
Көңүлгө жак болуп келесиң.
Киндик кан тамызган Ата-Журт,
Чалыксам күч, кубат бересиң.
Кымбатым өскөн жер мекеним,
Бактылуу бир бала экенмин.
Атамдай алпештеп өстүрдүң,
Наныңды мен актаар бекенмин?

Чырмаш Төрөбеков — Мекеним тексти: 7 комментарий

  1. Чырмаш Төрөбеков дебей, Жолдубай Кайыповдун «Мекеним» — ыры.
    Ч. Төрөбековдун аткаруусунда- деп жазыш керек.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *