Датасы: 06.10.2022
Формат: mp3

Калпагын кийип жай баскан
Камчысын алып ат чапкан
Кайгырбай муунбай жүрөбү
Кадыры бийик жан атам
Саамайы сүйкүм бырышкан
Санаага салсам урушкан
Саксаламатта жүрөбү
Садагам менин жан апам

Кайырма:

Канатын жайып асманга
Калкылдап учуп заматта
Жаныңарга жетким келет
Кандайсыз деп жаным ата
Булуттай сызып асманга
Бугумду жазып алсам да
Бөксөрбөй турат кусалык
Сагындым силерди ата
Сагындым силерди апа

Турмуштан калбай жарышкан
Бала деп жүрүп карышкан
Бар болсун ата-энелер
Батасын берип турушкан
Анда-санда таарынышкан
Жарк этип кайра табышкан
Ата -энем сылап өтөрүн
Бири хан бири ханышам

Один комментарий к “Тансулуу Арстанбек — Сагындым силерди тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *