Датасы: 24.10.2019
Формат: mp3

Алладан кийинки чеберим, жан ата жан жүрөгүм.
Санаамдын күч кубат демисиң, сүрөөнсүң тирегим.
Калтырбас аязга, ызгаарга, таянар тоо аскарым.
Жан атам, жанымда сиз барда жапжарык ар таңым.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Ыр менен кабыл ал даанышманым,
Кызыңдын сый-урматын.
Атакем айкөлүм, асылым, эң мыкты устатым.
Эңсейт да кызына ар ата, элде жок бак орношун,
Мен үчүн, жан ата, бийиктик өзүңдөй болгону.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Самара Каримова — Менин атам жакшы адам тексти: 40 комментарий

  1. Самара синдим онорун оркундой берсин,жолдошун балдарын мандайында ден соолукта ар дайыма сулуу бойдон элге кызмат кылып журо беришине тилекьешмин Баткендик эжен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *