Датасы: 14.10.2022
Формат: mp3

Алыстан бүлбүл жанып
Ак кемең сүзүп келет
Алданып үмүтүнө
Арга жок күйүтүнө
Бармактай байкуш бала
Атасын издеп келет

Делбиреп учуп-күйүп
Жээкке жетип барар
Атасы кайрылбастан
Кемеси кайрылбастан
Мууңкандын заарын укпай
Алыстап кетип калат

Ак кеме ак кеме
Каралдым ата
Кайрылчы мага
Сагындым сени
Ала келет мени
Таштаба мени

Шыбырап жашын төгүп
Узатып кала берет
Ал дагы үмүтүнө
Арга жок күйүтүнө
Кантсе да кала берет
Жашын төгө берет
Көз жашын төгө берет

Один комментарий к “Талант Сыдыков & Эльзар Өскөнбаева — Ак кеме тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *