Датасы: 18.04.2020
Формат: mp3

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.

Кайырма:

Күн күркүрөп жамгыр төктү.
Ошол күнүм кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.

Кайырма:

Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай

Түгөлбай Казаков — Жамгыр төктү тексти: 12 комментарий

  1. Туголбай байке бар болунуз коп жашаныз! Бул ыр адамдын ички дуйносунон от души суурулуп чыккан кайра жаралгыз сапптар.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *