Датасы: 02.11.2022
Формат: mp3

Ачкасын дагы бир жүрөктө башкачасың
Эзилген мыңалап угулса жан кызым үнүң
Зымырап убакыт жар болуп кошкон теңиңе
Сен узап барасың бакытка аттанып бүгүн

Кайырма:

Барагой асылым жан кызым
Бактыңдын өргөсүн ач кызым
Жар болгон бүлөңө татыктуу
Тең көрүп турмуштун жаманын жакшысын

Жарыңды сыйлай бил уга бил ата-эне сөзүн
Жакшыга умтулуп үйрөткүн өзүңдү өзүң
Акжолтой келин бол кут болуп түшкөн жериңе
Кармашып колуңар бактылуу сүргүлө өмүр

Көзүмдөн жашымды тыя албай
Узатам ичимден кыя албай
Басылбай жүрөктүн ачышканы
Ойлонуп оюмду жыя албай

Клип — Кызга насаат

Один комментарий к “Айдана Дека — Кызга насаат тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *