Датасы: 09.11.2022
Формат: mp3

Макул бүгүн балалыкты эскерип
Бар куруп бак аралап келелик
Боюбузда болсо деле айырма
Оюбуз калыптыр го теңелип

Моюнуңа кызыл жоолук салынган
Чачың өрүп ак бантигин тагынган
Бойлуу элең а мен болчум кичине
Карабадың мен ошого таарынгам
Эх арман ай айтчы болду эмине
Чаласыңда чакырасың эмине
Бир болмокбуз ошондо эле же балким
Кыска дебей алып койсоң теңиңе
Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай
Жалдактайсың мени карап бет албай
Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө
Мен бала кезде неге калдым жете албай

Один комментарий к “Мирлан Баеков — Узун кызга тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *