Макул бүгүн балалыкты эскерип
Бар куруп бак аралап келелик
Боюбузда болсо деле айырма
Оюбуз калыптыр го теңелип
Моюнуңа кызыл жоолук салынган
Чачың өрүп ак бантигин тагынган
Бойлуу элең а мен болчум кичине
Карабадың мен ошого таарынгам
Эх арман ай айтчы болду эмине
Чаласыңда чакырасың эмине
Бир болмокбуз ошондо эле же балким
Кыска дебей алып койсоң теңиңе
Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай
Жалдактайсың мени карап бет албай
Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө
Мен бала кезде неге калдым жете албай
Мирлан Баеков — Узун кызга тексти
Датасы: 09.11.2022 Көрүүлөр: 6528