Датасы: 12.11.2022
Формат: mp3

Сүйүүңөр батпай ичке
Тиктешип карашкыла
Капаны катпай ичте
Урушуп жарашкыла
Көрүшпөй көп убакыт
Сагынып арзышкыла
Билгенге ушул бакыт
Кат менен жазышкыла

Айтылып обу жок сөз
Күлкүнү катыргыла
Ой айтып ортоңорго
Дүйнөнү батыргыла
Чыланып жаан алдында
Корголоп чуркагыла
Бул сүйүү силердики
Башканы укпагыла

Каалгасын жүрөктөрдүн
Кош колдоп ачышкыла
Көңүлгө имерилип
Көз жашты арчышкыла
Жакшы соз арнашууда
Тынымсыз жарышкыла
С өз күчүн жоготкондо
Кучакка алышкыла

Жашырбай бирда сырды бөлүшкүлө
Укканда бир-бириңди
Аябай көнүшкүлө
Ошинтээр бирөө болсо
Кубанып сүйүнгүлө
Калганы келет кетет
Сүйгүлө сүйүлгүлө

Гульнур Сатылганова — Сүйгүлө, сүйүлгүлө тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *