Пурбу деген бир кедей бар эле. Ал тоодон отун алып, аны элге сатып оокат кылчу. Таң атпай туруп, арпа ундан жабылган көмөч нандан белине экини түйүп, ашыга басып, күндүн мурду көрүнө электе токой четине жеткен соң гана кимдир бирөө таштан чегип жасаган арстан эстеликтин жанына отуруп өзөк жалгачу. Мунун себеби: бул үйдөй чоң таш арстан анын көзүнө дайыма абдан арык жана арбайып ачка көрүнгөндүктөн боору ооручу да, жеген нанынан анын оозунун кычыгына бир-эки сындырымдан салып койчуу. Токойдон отун алып чыгып келатып да экинчи көмөч нанын жегиче ага жанагысындай эле кайрылып:

— Жей кой арстаным, сен да карыпсың, мен да карыпмын, окшошуп экөөбүз тең арыкпыз анан… Бирок буга да шүгүр дейли, шүгүр дейли, — деп өзүнүн ойлоруна сүңгүп кетчү.

Ушундай көрүнүш бир нече жылдар бою кайталанат. Бир күнү Пурбу адатынча сүйлөнүп, сындырым нанды арстандын оозуна салганда андан капысынан үн чыгат:

— Рахмат, ак көңүл Пурбу, канча жылдан бери мени багып келатканың үчүн тилегиң кабыл болсун.

Муну укканда алгач катуу чочуп, тура калып каччудай болуп, анан мындан эч кандай жамандыкты байкабай; эркин дем алып, жандуудай сүйлөгөн арстанды тыңшайт:

— Мен көрүп турам, өзүң кыйналып жашап жүрсөң да башкаларга жардам бергенден качпайсың. Ал тургай менин таш экениме карабай боор ооруп келесиң. Мен да сага жакшылык кылгым келет. Эртең бир баштык ала кел, мен ага толтура алтын берем сага. Бир гана шартым: күн чыкканда менин оозум жабылат, андыктан ага чейин азуумдан колуңду тартып алышың керек, — дейт.

Буга ишенип ишенбеген, катуу таңгалган Пурбу эмнеси болсо да деп эртеси кичирек баштык жанга алып, адаттагысындай эле арстандын жанына келгенде андан кайрадан үн чыгат:

— Келдиңби, ак көңүл Пурбу? Азыр мен оозумду ачканда колуңду салып, ал жактагы алтын тыйындарга баштыгыңды толтуруп ал, бирок эсиңден чыгарба, күн чыкканда менин оозум жабылат.

Арстандын айтканы айткандай болуп, анын оозу ачылганда ал жактагы алтындардан Пурбу баштыгын бат эле толтуруп,бир заматта кыялында жок байлыкка ээ болот да калат.

Пурбунун бат эле байып чыга келгенине айылдашы Тёнзин деген бай абдан таңгалып, мунун себебин сурайт. Оюнда эч кандай кири жок, баладай баёо Пурбу баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Ошондон кийин Тёнзин тоодон отун ташый баштап, тоо этегиндеги таш арстанды ар түрдүү тамактар менен сыйлап кирет. Бир-эки жыл өтүп арстан ооз ачпай, Тёнзин тажай баштаганда анын тилегени орундалып, арстан эстелик үн чыгарып, камкордугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, таң атпай баштыгын алып келүүсүн, алтындан каалашынча алуусун айтат, ошондой эле күн чыкканда оозун жабарын эскертет.

Кубанычы койнуна батпаган Тёнзин түнү бою уктабай баштык камдап чыгат, акыры баардык баштыктарын жаратпай, аштык салган кабын көтөрүп тоо этегиндеги арстандын жанына келгенде ал дагы бир жолу күн чыкканда оозун жабарын эскертип, азуусун аңырайтат.

Тёнзин алгач алтын тыйындарды арстандын оозунан колун салып алып кирет, андан кийин башын салат, мындан соң бел кырчоосуна чейин кирип, алтындарды кабына шилей баштайт. Ошентип ал ач көздүгүн тыя албай же чоң кабын толтура албай, күн чыкканда арстандын оозу жабыларын унутат, убакыттын кандай өткөнүн билбей, ач азуулардын ортосунда калып мерт болот.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак38
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *