Датасы: 30.11.2022
Формат: mp3

Бойтойгон да менин кичинем
Ой балкыйм да эргийм ичимден
Бойтоңдоп кадам таштагын
Болжолдоп баскан изиңден

Атакең да секет кетет го
Балдай бир таттуу тилиңден
Апакең да секет кетет го
Балдай бир таттуу тилиңден

Кайырма:

Тай-тай бөбөк тай бөбөк
Акка кадам сал бөбөк
Таалайыма аман чоңойуп
Атакеңе арка бел бол жөлөк
Таалайыма аман чоңойуп
Апакеңе арка бел бол жөлөк

Татынакай менин периштем
Таңдан кеч карап изиңден
Талыкпай кадам таштагын
Талпынып чуркап тезинен

Атакең да секет кетет го
Балдай бир ширин кезиңден
Апакең да секет кетет го
Балдай бир ширин кезиңден

Один комментарий к “Мээрим Карыпова — Тушоо ыры тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *