Датасы: 22.12.2022
Формат: mp3

Мээримиңдин кубаты дүйнө жаркытат
Менин балам дегениң күндө балкытат
Жогорулайм сиз айткан тилек аркылуу
Жолугууңуз бейиштин жытын аңкытат

Апакем ай менин асыл адамым
Ай тийгендей ачык болсун кабагың
Таберигим ыйык туткан сырдашым
Талашашыз өмүр бою тарабын

Кучагыңда ыңаалап тапкан наристең
Кутуң жанып элиме жасам ар иштен
Күнү-түнү энелер мээримиң төгүп
Балдарыңдын бакытын тилейт ар ичтен

Сен бар үчүн күн чыгат сүйүп жер бетин
Ажарыңыз башкача сулуу келбетиң
Сен бар үчүн жашоомдун маңызы чыгаар
Сен болбосоң сүймөкмүн жашоо эмнесин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *