Датасы: 12.07.2020
Формат: mp3

Теңирим бизге арнаган
Тилегим көктө жайнаган
Күн түнү соккон жүрөктүн
Жыргалы сенсиң жан балам

Жаным жан балам
Жашоомдун баарын арнагам
Балалык күнүң өмүрдө
Бактылуу өтсүн ар качан
Жаным жан балам
Сүйүүдөн бүтүп жаралган
Элиңдин баатыры болгун
Намысты бекем сактаган

Бал ширин ар бир сөздөрүң
Үмүтүм күлгөн көздөрүң
Жанымда ойноп жүргөнүң
Жарыгы ушул дүйнөнүн

Келечек жолуң кең болсун
Кемибей баары тең болсун
Камчыга сап бол балам деп
Батасын берчү эл болсун

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *