Датасы: 26.12.2022
Формат: mp3

Ай тийген көлдүн түнкү жамалы
Жээгинен ээрчип толкун ыргагы
Желге ойноп менин эрке кыялым
Көрүүнү жаным сени самадым

Асманда жанган жылдыздайсың
Ааламда учуп сезимде кыялым
Ашыктык каалоосунда кыз жүрөгү
Асылым сени көрбөй кусамын

Күн нуру тийген көлдүн жамалы
Көрүүдөн көзүм эч бир талбады
Көңүлгө салып көлдүн толкуну
Көрүүнү жаным сени самадым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *