Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп,
Кара чачың жамгыр сымал төгүлүп.
Багындырып баратасың сезимди,
Баардыгынан жакыныраак көрүнүп.
Баардыгынан жакыныраак көрүнүп.

Кайырма:

Айжамал,
Кай жакка кеттиң сен
Сулуу жамал?
Айжамал,
Жүрөктү сыздатпа
Сулуу жамал.

Залда толгон сулуулардан бөлүнүп,
Кара чачың маңдайыңа төгүлүп.
Окуганды бир оокумда токтотуп,
Ой көлүнө кеткенсийсиң чөмүлүп.
Залда толгон сулуулардан бөлүнүп,
Кара чачың маңдайыңа төгүлүп.
Карегиңдин түпкүрүндө балбылдап,
Кайсыл жигит сага турат көрүнүп.
Кайсыл жигит сага турат көрүнүп.

Кайырма:

Айжамал,
Кай жакка кеттиң сен
Сулуу жамал?
Айжамал,
Жүрөктү сыздатпа
Сулуу жамал.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *