Тагдырым татаал жолдо жолун улап
Тайгакта бороон беттеп барган сымал
Канчалык тагдыр мени сынабасын
Беттеген максатымдан кайра тартпайм
Тагдырым толкун болуп толкун кирет
Кээде тынч кээде толкун көл сыяктуу
Канчалык тагдыр мени агызбасын
Кайыкта сүзүп келем толкун жиреп
Жашоого бир келген соң тагдыр буюруп
Жашайлы бул турмушта максат көздөй
Каалообуз тилегибиз ак болгон соң
Жалтанбай бул өмүрдө жашаш керек
Ырыскелди Осмонкулов — Тагдыр жана мен тексти
Датасы: 11.01.2023 Көрүүлөр: 6167
Кайыкта эмес ! Кайыктай сүзүп келем толкун жиреп…
Толкуп кирет эмес! Толкуп келет.
Сөзү обону Алга Кылычов