Датасы: 11.01.2023
Формат: mp3

Тагдырым татаал жолдо жолун улап
Тайгакта бороон беттеп барган сымал
Канчалык тагдыр мени сынабасын
Беттеген максатымдан кайра тартпайм

Тагдырым толкун болуп толкун кирет
Кээде тынч кээде толкун көл сыяктуу
Канчалык тагдыр мени агызбасын
Кайыкта сүзүп келем толкун жиреп

Жашоого бир келген соң тагдыр буюруп
Жашайлы бул турмушта максат көздөй
Каалообуз тилегибиз ак болгон соң
Жалтанбай бул өмүрдө жашаш керек

Клип — Тагдыр жана мен

Ырыскелди Осмонкулов — Тагдыр жана мен тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *