Датасы: 08.02.2023
Формат: mp3

Кол тийсе кылы сыздап да боздоп,
Ойготуп ойнойт жүрөктү козгоп
Бороондун тышта ыйлаган үнүн,
Болбосо бирде мункана коштоп,
Эсиме салат алыскы жакты,
Эл үчүн өлгөн эр азаматты.
Азасын азыр күткөнчө окшоп,
Аяныч сезим жаныма батты.
Жигиттер кызга тоо гүлүн терип,
Ырдаган көздө гүлдесте берип.
Жаткансыйт туурап гитара күүсүн,
Тандайын безеп солкулдап эрип
Эсиме салат өткөн жаш чакты,
Айлуу түндөрдү, бүрдөгөн бакты.
Кошуп бир барам, жыргап бир барам,
Гитара күүсү сүйгөндөй татты.
Эрисин жаным,
Мындан да дагын
Акыркы ирет,
Кылын бир какчы,
Кылын бир какчы.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *