Мен азыр түндүн койнунда
Тушалдым ойдун торуна
Келишкен кызыл көйнөгүң
Чыкпады такыр оюмдан
Мен сагындым мен сагындым
Атыңды мен жашырдым
Кызыл көйнөк
Мен жашырдым мен жашырдым
Мен сезимдерди жашырдым
Кызыл көйнөк
Кайрадан баарын баштай албай
Кечиктик бизде башка арга жок
Кызыл түс сага жарашып
Кызыгып баары карашып
Көргөндө кызыл көйнөгүң
Көздөдүн баары сага ашык
Жүргөндө кийип көйнөгүң
Жүрөктөр баары сага ашык
Өмүрлөш болсок болбойбу
Көөдөнгө жарык толбойбу
Гүлгө окшош кызыл көйнөгүң
Көңүлгө даары болбойбу
Гүлгө окшош кызыл көйнөгүң
Жүрөккө даары болбойбу
Данияр Дурусбеков — Кызыл көйнөк тексти
Датасы: 24.02.2023 Көрүүлөр: 17766