Датасы: 12.04.2024
Формат: mp3

Кыйынчылык мизин кайрап турган кезде
Абалыңды көрүп досуң басып кетсе
Таң калба
Чыныгы дос калтырбайт сыздатып жерге
Ошондуктан ойлон досум чамдап издеп
Жаңылба

Байлык үчүн досун саткан калп достор бар
Кайгы күчүн бирге төккөн жан достор бар
Жалганда
Досум деп тишин кайрап жүргөндөр бар
Досуң үчүн жер томкоруп жүргөндөр бар
Артыңда

Кайырма:

Акыркы күчүн берип намысы үчүн
Кан досуң турса күйүп аябай күчүн
Бабаларым бизге айтып келген
Жашоо турмуш ачуу тузун көргөзсө да
Сен досум жалгыздык жолун тандаба
Жаңылба сен жаңылба

Ар адамды дос дей берип жаңылбагың
Дос дегенди билбегендер бар жандырмагын
Турмушта
Күлкү болот кээбир доско кайгырганың
Тизгин тартат андай достор төкпөй канын
Урушта
Дос деген ал тоодой бийик көлдөй терең
Кор болбойсуң эгер достун баркын билсең
Түшүнсөң
Дос деген ал жүрөгүмдө уюп турат
Жанын берип канын отко куят
Үшүсөң



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *