Датасы: 15.04.2024
Формат: mp3

Ак калпагын кийип ыргаган
Ак чөлмөгүн ойноп ырдаган
Салты менен наркын кастарлап
Сайран куруп гүлдөп жыргаган

Кайырма:

Бийиктикти тоодой караткан
Тунуктуукту суудай тараткан
Биз Манастын урпагы
Кантип аны унталы
Өчпөс тарых дастан жараткан

Улуулугун кылым жалгаган
Улан кыз бар чокту кармаган
Ат жалына асып казанды
Ак эмгегин элге арнаган

Күү жаңыртып күлүк таптаган
Санжырасын улап жаттаган
Пейли кенен жааган ак кардай
Белгиси бар кыргыз сактаган







Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *