Датасы: 16.04.2024
Формат: mp3

Жайкы кеч бульвар ичинде
Сулуу бийкеч
Өтөсүң саламың айтып
Башыңды ийкеп

Термелип басасың неге
Ойлуу белең
А балким бараткансың сен
Эргүү издеп

Кайырма:

Артыңдан барам
Сезимим айтып сага айтып
Кыялымда мен сүйүүнүн балын татып
Маржандай кымбат жүзүңдү элестетем
Магдырап турам арзуу бар ойго батып

Жумушуң сенин билдим опера балет
Жүрөктүн отун күйгүзгөн өзүң себеп
Бийлесең балерина бийди сызып
Жаныңдан колун кармап мен сызгым келет

Көрдүм мен ажарыңан
Сен жашыл жазды
Арбады жүрөгүмдү ал
Азапка салды
Келишкен боюң оюң да
Жылдызың бар
Көрүндүң мага ак куудай
Мен сүйдүм жанды



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *