Ишенсең өзүмө, айткан сөзүмө
Сүйүүмдү окусаң тиктеп көзүмө
Эх, десем махабат кошсо бизди
Жетпестир ошол кезиме
Айтылмак жүрөк сырлары
Ырдалмак жүрөк ырлары
Мага да, сага бир келсе жаным
Махабат жандын жыргалы
Көзүмдөн жадырап жарык нурумду
Көңүлгө сактагам аяп сырымды
Айта албай жүргөнмүн сага жаным
Айтамын бүгүн чынымды
Кайырма
Өзүңдү ойлоп жыргаймын
Өзүңө гана ырдаймын
Жамгыры болуп төгүлөм жаным
Жагымдуу жашыл жаз, жайдын
Баары өтөт дүйнөдөн, сүйүү түбөлүк,
Бактылуу көңүлдө турат күүлөнүп.
Жаралган кымбат өмүрлөр, жаным,
Жашоону, жаным сүйөлү
Сүйүүнү кимдер ката алат,
Сүйүүсүз кимдер жашамак.
Жашасын өмүр, тирүүлүк, жаным
Жашасын сүйүү, махабат
Кайырма