Ошол түндөн бери,
Оорудум эңсеп сени,
От болуп,жанып жалындап
Ооба,сыйкыр сыр бар,
Ок жеген марал сымал,
Оргуштап сезим балбылдап.
Майда,майда, демиң сенин,
Магдыратып барат мени,
Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй.
Бирде жанып,бирде тоңуп,
Махабаттан майып болдум,
Өчүң бардай неге эзесиң.
Кайырма
Майда,майда, демиң сенин,
Магдыратып барат мени,
Өзүң билип,неге сезбейсиң
Бирде жанып,бирде тоңуп,
Махабаттан майып болдум,
Өчүң бардай неге эзесиң.
Кайдан жолуктурдум,
Кайгыга жолум бурдум,
Кантейин эми кантемин.
Тиктеп көздөрүңө,
Тизилген сөздөрүңө,
Тирүүлөй күйүп кетемин.
Кайырма
Майда,майда, демиң сенин,
Магдыратып барат мени,
Өзүң билип,неге сезбейсиң
Бирде жанып,бирде тоңуп,
Махабаттан майып болдум,
Өчүң бардай неге эзесиң.
Майда,майда, демиң сенин,
Магдыратып барат мени,
Өзүң билип,неге сезбейсиң эээй.
Бирде жанып,бирде тоңуп,
Махабаттан майып болдум,
Өчүң бардай неге эзесиң.