Байланып өзүңө кара көзүңө
Арбалып жүзүңө ширин сөзүңө
Жароокер жан биргем жаркылдагым
Таарынтып албайын түпкүр сезимде
Кайырма
Жаркылдап маанайга бырыш түшпөсүн
Ой — тилек максаттар дайым көктөсүн
Жалынмак куш канат болчу бир өзүң
Тилеймин ушул ыр такыр бүтпөсүн
Сулуусун тандаймынберип гүлдөрдү
Ар убак бир болсун менин түндөрүм
Атымды жашырып кайталап ичтен
Жаркылдак менин сүйгөнүм
Жанаша бийлейли махабат жазба
Келбесин эч качан кайгы муун башка
Кош жүрөк түбөлүк бирге бир соксун
Кел жанып ойноп күлүп бирге жаркылдап