Датасы: 05.07.2024
Формат: mp3

Жымыңдашат түнкү жылдыздар

Айлуу түндө нурун төгүшүп

Сага мага ошол кош жылдыз

Жакын болуп, абдан көрүнүп

Учуп өттү жылдыздар шашып

Жылып барат, айда керемет

Сен ошондо мага ийилип

Кулагыма айтың «сүйөм» деп

Жымын жымын этишет

Түнкү жылдыздар

Жылып узап кетишет

Түнкү жылдыздар

Түнкү жылдыздар

Токтото албайм, жаштык жылдызын

Балалыктын ыйык сезимин.

Ажарыңа далай суктангам

Карегиңе жанган көзүңдүн

Өчпөс нурун чачып алыстан

Жаш жүрөктү чексиз кубанткан

Узап кетпе жаштык жылдызы

Мен ошону сенден суранам

Жымын жымын этишет

Түнкү жылдыздар

Жылып узап кетишет

Түнкү жылдыздар

Түнкү жылдыздар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *