Датасы: 17.11.2020
Формат: mp3

Кызгалдак ырын ырдайм кимдер угат
Кызгалдак сырын ырдайм кимдер угат
Кыз менен кызгалдактын тагдырынан
Обон салдым жүрөк ооруп баардыгынан

Үстүмдө көтөрүлгөн көпкөк асман
Назданып сүйгөнүмө бара жатсам
Алдымда бир кызгалдак соолуп жатыптыр
Кимдир бирөө өзөгүнөн кыя баскан

Мен гүлдү жыттачы элем мокум канбай
Бул жолу кызгалдакты кеттим карабай
Анткени чаң басыптыр булганыптыр
Мурдагыдай буркураган жыты калбай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *