Датасы: 05.07.2024
Формат: mp3

Гүл кармап алып жүгүрүп

Күлмүңдөп күлүп сүйүнүп

Ашыгып сага мен келдим

Асылым кымбат мектебим

Катканда канат учурган

Касиет толгон кутумдан

Уямсыз сага мен келдим

Урматтайм сени мектебим

Кайырма

Билимди мага үйрөткөн

Бир нече тилди сүйлөткөн

Мугалим эжей агайлар

Күн болуп дайым тик өтөт

Кубанып күтүп барамын

Мен сүйгөн арбым сабагым

Мектебим менин буралган

Илимге мени сугарган

Тааныткан тамга сандарды

Тааныбас айтчы жан барбы

Мугалим ата-энебиз

Кадырлап сыйлап келебиз

Тунук Ниязова — Мектебим тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *